«Сейтек» — «Манас» трилогиясынын корутунду бөлүгү»

Википедия дан

«Сейтек» — «Манас» трилогиясынын корутунду бөлүгү» — А. Жайнакованын монографиясы (Фр., 1984). Эмгек Манасчы Саякбай Карала уулунун вариантынын негизинде «Сейтек» эпосунун «Манас» үчилтигинде алган орду, мааниси, темасы, идеясы, образдардын түзүлүшү, салттык менен жекече айтуучулуктун карым-катышы өңдүү эпос изилдөө тарыхындагы маанилүү маселелерге арналган. Кириш сөздө «Сейтек» эпосунун жазылыш, басылыш жана изилдениш тарыхына экскурстан кийин түздөн-түз «Сейтектин» өзүнө байланышкан маселелер иликтенет. «Сейтек» «Семетейдин» түздөн-түз уландысы болуп туруп, бир нече вариантка ээ, өтө кеңири тараган эпикалык чыгарма катары анын белгилүү варианттарына жалпы мүнөздөмө берилет. «Сейтектин» «Манас» үчилтигиндеги орду жана маанисин талдап, автор төмөнкүдөй жыйынтыктарды жасайт: «Сейтек» эпосу деле — «Манас», «Семетей» сыяктуу байыркы кыргыздардын нечен кылымдар бою башынан кечирген тарыхый-социалдык турмушун чагылдырып, жалпы үчилтикти үчилтик абалына жеткирип турган көлөмдүү чыгарма. Бул эпос «Манастын» идеялык-көркөмдүк курамына зарылчылыгына жараша жаңылык киргизип, керектүү учурда толуктап, тереңдетип акыры аягына чыгарган. Ошону менен бирге эле «Сейтек» эпосу «Семетейдин» логикалык уландысы, аны толуктап турган корутунду эле чыгарма эмес, өзүнчө белгилүү салттык сюжетке ээ, көп варианттуу чыгарма экендиги эмгекте ишенимдүү көрсөтүлгөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4