Мазмунга өтүү

«Тахир-Зухра»

Википедия дан

«Тахир-Зухра» – түрк элдеринин аруу махабат жана феодалдык эзүү жөнүндө баяндаган лирика-эпикалык дастаны (17–18-кылым). Көп версияларынын сюжеттик өзөгү окшош: падыша менен вазир балдары туула электе эле кудалашат; падышанын кызы да, вазирдин уулу да бир мезгилде туулуп, бири-бирин сүйүп калат: падыша кызынын атын Зухра, вазир уулунун атын Тахир коёт; вазир өлгөн соң падыша убадасынан танып, Зухраны башкага бермек болуп, Тахирди сандыкка салып, сууга ыргыттырат. Көп азап-тозокту башынан кечирип, өз ата мекенине кайтып келсе, Тахирди падыша өлтүртүп салат. Муну уккан Зухра да жанын кыят. Феодализм мезгилинде түзүлгөн версиялардын идеялык мааниси – идеалдуу башкаруучу гана ишке ашыра алар социалдык акыйкаттуулук үчүн болгон күрөш. Өзбек версиясында фантастика элементтери бар. Түркмөндөрдө оозеки жана жазма варианттары сакталган. [[Категория:Адабият]

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]