«Чолпон»

Википедия дан

«Чолпон» - М. Раухвергердин O. Сарбагышев менен Л. Крамаревскийдин либреттосуна жазган балети. 1944-ж. коюлган.

Балетмейстери - Л. Крамаревский, дирижёру - В. Чернов, сүрөтчүсу - Л. Штоффер. Эл жомогунун негизинде жазылган булл чыгармада кедейдин кызы Чолпон менен Темир кандын уулу Нурдиндин сүйүүсү баяндалат.

Балет 1953-ж. экинчи жолу редакцияланып, бир катар орчундуу оңдоолордон кийин 1957-ж.коюлган (балетмейстери - Н. Түгөлов).

1958-ж. кыргыз адабияты менен искусствосунун Москвада өткөн он күндүгүндө көрсөтүлгөн (Чолпон - P.Чокоева, Нурдин - У. Сарбагышев, Айдай - Б. Бейшеналиева).

1958- ж. «Ленфильм» студиясы тарабынан ушул эле ат менен фильм болуп тартылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.