«Эмгек» саясий партиясы

Википедия дан

«Эмгек» саясий партиясы - Кыргызстандагы саясий партиялардын бири.

Партиянын уюштуруу съезди 2011-ж. 11-апрелде болгон, мамлекеттик каттоодон 2011-ж. 20-майда өткөн. 2013-ж. 29-октябрда «Эмгек» саясий партиясынын II курултайы болуп, партиянын төрагалыгына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин З-М-чакырылыштарынын депутаты, мамлекеттик жана коомдук ишмер, белгилүү меценат Салымбеков А.М. шайланган. Съездде партиянын Саясий Кеңеши түзүлүп, анын курамына А.К. Абдраев, К.Т. Айдаров, А.А. Акунов, А.А. Акматалиев, Д.Т. Долоталиева, Б.А. Досалиева, И.К. Жунусов, А.А. Исаев, Кадыр уулу Султанбек, К.К. Кускаков, Д.А. Муладжанов, А.М. Мураталиев, И.М., С.В. Пономарев, А.М. Салымбеков, Э.К. Сатылганов, Р.Б. Тагаев, М. Тиллебаев, А.А. Турсункулов, В.Н. Хан бекитилген.

Съезд партиянын саясатын коомго жеткирүү жана ишмердигин ырааттуу жүргүзүү максатында Саясий Кеңештин алдында аксакалдардын «Акыл Ордо», аялдардын «Айым Ордо» жана жаштардын «Акыл Тирек» кеңештерин түзгөн. Партиянын «Улут намысы» аттуу кеңири программасы кабыл алынган.

«Эмгек» саясий партиясынын негизги максаты катары - өнүккөн жана коопсуз Кыргызстанды түзүү, базар мамилелерине негизделген эффективдүү, социалдык багытталган экономиканы өнүктүрүү, саясий стабилдүүлүктү чындоо, укуктук тартипти бекемдөө, социалдык адилеттүүлүктү камсыздоо жана саясий элитанын билимдүү жана маданияттуу жаңы муунун даярдоо сыяктуу коомдук турмуштун бардык чөйрөлөрү боюнча приоритеттер көрсөтүлгөн.

2014-ж. ноябрына карата «Эмгек» партиясынын республиканын бардык облустарында, райондору менен шаарларында уюмдары түзүлүп, кеңселер ачылып, аларда атайын кызмат орундары уюштурулуп, партиянын идеяларын элдин кеңири катмарына тартуу багытында ийгиликтүү иштерди жүргүзүүдө. Партиянын баштапкы уюмдары айылдардын 80%га жакынын камтып, партиянын мүчөлүгүнө 45 минден ашык адамдар кабыл алынып, аларга бирдей үлгүдөгү катар номерлери коюлуп, мөөр басылган мүчөлүк билеттер берилген. Түзүлгөнүнө аз убакыт болгонуна карабастан бул партия 2015-ж. боло турган парламенттик шайлоодо жеңишке жетет деген серепчилердин божомолдору маалымат каражаттарында байма-бай айтыла баштаганын байкоого болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8