«Эр Солтоной»

Википедия дан

«Эр Солтоной» - кыргыздардын калмак баскынчыларына каршы күрөшүн баяндаган баатырдык дастан.

Мазмунуна караганда дастан 18-кылымда жаралган. Баш каармандар Темиркан менен Болоткандын төрөлүшү жана алардын баскынчыларды кыргыз жеринен сүрүп чыгышы, буга өчөшкөн калмак ханы Уюлдун киши жиберип, алдап эки баатырды колго түшүрүшү жана алардын бошонуп элине келиши «Эр Солтонойдун» жалпы мазмунун түзөт. «Эр Солтоной» дастаны көркөмдүк жактан жеткилең иштелип, каармандын бардыгына мүнөздөмө берүүгө аракет жасалып, кара сөз менен ыр тенме-тен берилет; көпчүлүк бөлүгүн согуш окуялары ээлейт. Дастандын бир гана варианты бар. Ал Сүйөркул Абдырахмановдун айтуусу боюнча 1959-ж. өзүнчө китеп болуп чыккан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4