«Boсток»

Википедия дан

«Boсток» 1) – жер айланасындагы орбита боюнча учууга ылайыкталган бир орундуу космос кемелеринин аты. «Восток» кемеси менен 1961-ж. 12-апрелде космос мейкиндигине биринчи болуп Ю. А. Гагарин учуп чыккан. «Восток» кемеси сфера түрүндөгү кабинадан жана тормоздук кыймылдаткыч жасалгалардан турат. Кабинанын ичинде космонавт отуруучу кресло, бортприборлор жана радиоаппаратура болот. Конор алдында тормоз кыймылдаткычы иштеп, 7 км бийиктикте космонавт кабинадан катапульта менен ыргытылып, парашют менен жерге түшөт. Учкуч космонавттар Г. С. Титов «Восток-2» (1961-ж. 6-август) менен Жерди 17 жолу, А. Г. Николаев «Восток-З» менен (1962-ж. 11-август) 64 жолу, П. Р. Попович «Восток-4» менен (1962-ж. 12-август) 48 жолу, В. Ф. Быковский «Восток-5» менен (1963-ж. 14-июнь) 81 жолу, В. В. Терешкова «Восток-6» менен (1963-ж. 16-июнь) 48 жолу айланып чыгышкан. «Востоктун» максимум массасы 4,73 т, максимум учуу бийикт. 327 км. 2) Космос кемелерин учуруу үчүн 3 баскычтуу ракета-алып жүргүч. 3) Россиянын Түштүк уюлда (Чыгыш Антарктида) жайгашкан станциясы.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]