АКИpress

Википедия дан
АКИpress маалымат агенттиги
Жалпы маалымат
Өлкө

Кыргызстан

Берүү тилдери

Орусча, Кыргызча, Англисче

Алгачкы берүү күнү

2000 жыл

Жетекчиси

Алина Сагинбаева

Дареги

Бишкек, 720000, Айтматов проспекти, 299/5

www.akipress.org

АКИpress маалымат агенттиги — Кыргызстандагы алгачкы көз карандысыз маалыматтык агенттик. АКИpress экономикалык басылманын базасында 2000-жылы негизделген.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

АКИpress маалымат агенттиги «Кыргызстан» коммерциялык маалымат агентствосу» 2000-жылы 19-июнда www.akipress.org доменин каттоодон өткөргөндөн кийин түзүлгөн. Бир нече убакыт сайт тесттик режимде иштеп турду жана 90-жылдардын ортосунан баштап жарык көрө баштаган АКИpress экономикалык журналдын редакциясы катары иштеген. Дагы бир нече убакыттан кийин Кыргызстандагы биринчи мамлекеттик эмес маалымат агенттиги катары толук кандуу иштей баштаган.

2002-жылы агенттиктин алдында өлкөдөгү биринчи көз карандысыз маалымат борбору ачылган.

АКИpress агенттигинин өзгөчөлүгү болуп, ишмердиктин коммерциялык багыты саналат — АКИpress архивдерге акы төлөп кирүүдөн (муну менен катар биринчи төрт күндө бардык жаӊылыктар эркин жеткиликтүү) жана өзүнүн сайттарында жарнамалык аянтчаларды сатуудан иштеп табат.

Түзүмү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Маалымат агенттиктин веб-сайттарында күн сайын Кыргызстандагы акыркы окуялар жөнүндө 500гө чейин, анын ичинде саясий, экономикалык, социалдык, илимий, маданий, дипломатиялык, спорттук жаӊылыктар чыгып турат. Иштөө режими – күнү-түнү.

Учурда АКИpress агенттигинин бир нече туунду маалымат сайттары бар, алардын арасында Tazabek экономикалык маалыматтар басылмасы, Turmush аймактык жаӊылыктар порталы, окурмандардан келген жаӊылыктардын «Репортёр» сайты, криминалдык окуялардын «Сводка» сайты, ошондой эле «Sport АКИpress», «Культура», «Здравоохранение», Билим жана башкалар. Агенттиктин толук кандуу иштеген англис тилиндеги - AKIpress news agency версиясы бар.

2007-жылы АКИpress’тин катышуусунда Борбор Азиядагы жаӊылыктарды камтыган CentraAsia.media кызматы түзүлгөн.

Андан тышкары, агенттиктин курамында ошондой эле, сурап-билүү кызматы, «Кто есть Кто в Кыргызстане и Центральной Азии», «Желтые страницы. Справочник по предприятиям и компаниям» долбоорлору, ресторандар менен кафелер боюнча жол көрсөткүч Yel.kg, акысыз жарнамалардын Doska.kg жана Auto.Doska.kg сайттары, aMart интернет-дүкөнү иштейт.

Бир нече жылдан бери «Сказки Небесной Бешбармакии» долбоору чыгат.

Ошондой эле АКИpress жаштардын көӊүл ачуучу Limon.kg сайтын жана BulBul.kg видеосервисин иштетет.

Окурмандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2016-жылдын февралында www.akipress.org жаңылыктар порталынын окурмандары 1 009 558 адамга жетти. Мындай маалыматтарды веб-сайттардагы окурмандардын деталдык статистикасын түзүү үчүн Google тарабынан иштелип чыккан Google Analytics сервиси көрсөттү.

2022-жылында АКИpress сайттарына 38.9 млн окурмандар киришкен жана 273 миллион жолу кароо болгон

Сайтка бир күндө орточо эсеп менен 300 миң адам кирет.

Жетекчилик[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Учурда АКИpress маалымат агенттигинин жетекчиси болуп Сагинбаева Алина Уларбековна саналат.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

АКИpress маалымат агенттигинин сайты
Tazabek экономикалык басылмасы
CentralAsia.media жаңылыктар кызматы
Turmush аймактык жаңылыктардын порталы
«Репортёр»
«Кто есть Кто в Кыргызстане и Центральной Азии»
«Сказки Небесной Бешбармакии»
Limon.kg

Социалдык тармактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Facebook'тагы баракча

Твиттердеги баракча

Telegram'дагы аккаунт

Instagram'дагы аккаунт

TikTok'тогу аккаунт