АКШдагы №1 альбомдордун тизмеси (Billboard)

Википедия дан

АКШдагы №1 альбомдордун тизмеси (Billboard 200) - Түндүк Американын жылдын 52 аптасындагы хит-параддардын сап башында келген альбомдорун камтыйт. Мында АКШдагы ырчылардын физикалык жазма ташуучулар боюнча дагы (лазердик диск, грампластинка, кассета), санарип формат боюнча дагы эң өтүмдүү альбомдору эсепке алынат. Апта сайын АКШдагы эң эски Billboard музыкалык журналынын редакциясы тарабынан түзүлгөндүктөн Billboard 200 деп аталат (Billboard журналынын топ 200ү).

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1945-жылы 24-мартта Billboard журналы биринчи альбомдук хит-парад жарыялаган. Башында (1950-жылдардын ортосунан тарта) аталган хит-парад (чарт) Top Pop Albums деп аталган. 1967-жылдын 13-майынан тарта ал 200 позициядан турат. 1992-жылы аты азыркыча Billboard 200 деп алмашкан. Маалыматтар жума сайын эсептелип турат. 1991-жылдын 25-майынан бери эң өтүмдүү альбомдордун тизмеси 14000 чамасында музыка ретейлеринен (сатуучусунан) түшкөн маалыматтарды эсептеген Nielsen SoundScan эсеп системи менен түзүлөт. 2005-жылы 29-октябрда интернет-дүкөндөрдөн жана ретейлерлерден санарип жүктөп алууларды (Digital downloads) эсептөөгө багытталган Digital Albums аттуу өзүнчө санарип чарт пайда болгон. Мындагы маалыматтар бирдиктүү Billboard 200 хит-парадына киргизилет.

2014-жылдын декабрынан тарта (13-декабрдагы чарттан баштап) Billboard 200 рейтингинде эсептөө ыкмасы өзгөргөн. Эми кадимки диск сатыгына (Top Album Sales) санариптик онлайн буйрутмалардын жана ойнотуулардын (on-demand streaming + digital track sales) саны кошулду. Жаңы Billboard 200 альбомдон ар бир 10 санарип ырдын сатылышын бир альбомдун сатылышына барабар кылып, альбомдон ойнотулган 1500 ырды (song straems) бир альбомдун сатылылышына барабар кылып эсептейт. Spotify, Beats Music, Google Play жана Xbox Music сыяктуу ири радиокатталмалуу радио-кызматтар (on-demand audio subscription services) эске алынат. Жанрдык альбомдук чарттар (Country, R & B / Hip-Hop, ж.б.) мурдагыдай эле накталай сатыкка карашат (Top Album Sales)

Апта саны боюнча Тоp-10догу альбомдор[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Альбомдордун Мыкты Ондугунда апталардын рекорддук санын (Billboard Hot 100 1965-жылдын май айынан 1968-жылдын январь айына чейин) "Обон үнү" (англ. The Sound of Music) деп аталган (ушул эле аталыштагы Бродвей мүзыкылынын экрандалышы) баш ролун Жули Эндрүс ойногон обондуу тасмасынын саунтреги орноткон. 2011-2012-жылдары ырчы Аделдин 21 альбому Billboard 200дүн алдынкы ондугунда 80 жума турган. Бул - ырчылардын арасында рекорддук натыйжа болуп саналат. Буга чейинки (72 жума) рекорд Аланис Мориссеттин "Jagged Little Pill" альбомуна таандык болгон. Төмөндө ондукта бир жылдан (52 жумадан) көбүрөөк болгон альбомдор орун алган.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]