АКШ киноактерлор гилдиясынын сыйлыгы

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

АКШ киноактерлор гилдиясынын сыйлыгы (англ. The Screen Actors Guild Award, ошондой эле SAG сыйлыгы катары таанымал) - тасма жана прайм-тайм телекөрсөтүүлөр тармактагы эң көрүнүктүү аткаруулар үчүн Телекөрсөтүү жана радио артисттердин АКШ киноактерлор гилдиясынын федерациясы тарабынан ыйгарылган сыйлык. Бир колунда күлүп турган масканы башка колунда муңдуу масканы кармап турган "Актер" аталышындагы жылаңач эркек сымбатту статуэтка сыйлык тапшыруу учурда тапшырылат. Катуу колодон куюлган статуэтканын бийиктиги 41 см, көлөмү 5,4 килограммдан жогору, аны Бербанктагы (Калифорния) American Fine Arts Foundry куюучу цехи жасап чыгарат.

SAG сыйлыгы 1995-жылдан бери Голливудтагы эң ири сыйлык тапшыруу аземдеринин бири болуп саналат. Сыйлыктын номинациялары эки комитеттен келет: бири тасма үчүн, башкасы телекөрсөтүү үчүн, ар бирөөсүнүн мүчөлүгүндө 2100 адам бар, жеңүүчүлөрдү тандаган комитеттин курамы жыл сайын өзгөрүлүп турат (165000 адам - 2012-жылы). Бул сыйлык Оскар сыйлыгынын ийгилик көрсөткүчү болуп саналат. Сыйлыктын тапшыруу аземи 1998-жылдан 2007-жылга чейин TNT каналында көрсөтүлгөн, 2007-жылдан тартып TBS каналында көрсөтүлөт.

SAG сыйлыгынын кирүү аземи 1995-жылдын 25-февралында Universal Studios компаниясына таандык болгон Stage 12 үндү жаздыруу павильонунан берилген. Экинчи SAG сыйлыгы Santa Monica Civic Auditorium залында өткөн, кийинки сылыктар Shrine Exposition Center аудиториясындан тапшырылган.

Тарыхы[оңдоо | булагын оңдоо]

Шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]