Ааламдын «жылуулук өлүмү»

Википедия дан

Ааламдын «жылуулук өлүмү» - Ааламдагы энергиянын бардык түрү акыры жылуулук кыймылынын энергиясына өтөт, ал Ааламдагы заттарга бирдей бөлүштүрүлөт, андан кийин алардагы бардык макроскопиялык процесстер токтолот деген жалган тыянак.

Бул тыянакты Р.Клаузиус (1865) термодинамиканын 2-башталышына негиздеген. 2-башталышка ылайык ар кандай физикалык система башка системалар менен энергия алмашпаса, анда ал система өтө ыктымалдуу теңсалмактуу абалга - энтропиялуу максимум абалга умтулат. Мындай абал Ааламдын «жылуулук өлүмүнө» алып келет. Азыркы космология пайда болгонго чейин Ааламдын «жылуулук өлүмү» жөнүндөгү тыянакты жокко чыгаруу боюнча көп аракеттер жасалган. Алардын ичинен эң эле белгилүүсү Больцмандын (1872) флуктуация жоромолу. Анын негизинде Аалам дайыма теңсалмактуу изотермалык абалды сактап, кокустук закону боюнча бул жерде же экинчи бир башка жерде бул абалдан четтейт. Ал сейрек болгондо чоң аймакты камтыйт да, четтөө даражасы чоң болот. Азыркы космология Ааламдын «жылуулук өлүмү» жөнүндөгү тыянактын ката гана эмес, баштапкы жасалган аракетти жокко чыгаруулардын туура эмес экенин далилдеди. Анткени бул жерде эң маанилүү физикалык факторлор, анын ичинде оордук күчү эске алынбаган. Оордук күчүнүн негизинде заттардын бир тектүү изотермалык ыктымалдуу бөлүштүрүлүшү болбогондуктан, энтропиянын максимумуна туура келбейт. Ааламдын туруктуу эместигин байкоолор көрсөттү. А. кеңейип, баштапкы кеңейүүсүндө бир тектүү болгону менен бара бара оордук күчүнүн натыйжасында айрым объектилерге бөлүнүп, галактиканын топтошуулары, галактикалар, жылдыздар, планеталар пайда болду. Бул процесстер табигый түрдө өтүп, энтропия өсүү менен термодинамиканын закондорун бузбайт. Аалам дайыма статикалуу катышат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]