Аалыбай уулу Бешкүрөң

Википедия дан

Аалыбай уулу Бешкүрөң Уста. 1924-ж. Кочкор районундагы Комсомол айылында төрөлгөн.

Орто билимдүү. Мүнүшкөр, уста катары кыргыз адабияты менен искусствосунун 1958-ж. Москвада өткөн II декадасынын катышуучусу. Ат жабдыктарын кармоо ыкмалары башкалардан анча айырмаланбаган менен ал кара темирдин уузун айлакер билет, азуулуу капкан жасоонун чыгааны. Капкан чарасынын жумурусун 0,2 дм тереңдикте иет да, капкандын серперине 7 смдей жука темирден өз өлчөмүндө алат. Жаагын жарым болоттон таңдайт. Негизи буюмдун тээги жыгачтан жасалат, бирок түшкөн жырткыч чайнап коё тургандыктан, уста аны темирден жасайт. Аны ысытып иет да, өлчөмүндөгү курч темирден кесип жаакка бекитет. Капкан чабылганда тизе бою (жарым метр) өйдө секирет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0