Абалдын тең салмактуулугу

Википедия дан

Абалдын тең салмактуулугу - динамикалык системанын убакыт боюнча өзгөрбөгөн абалы.

Абалдын тең салмактуулугу туруктуу, туруксуз жана айырмасыз абал (безразлично-устойчивое) болуп бөлүнөт. Теңсалмактуулук абалга жакын системанын кыймылы Абалдын тең салмактуулугунун түрүнө жараша ар түрдүү болот. Эркин бир даражалуу системалар үчүн аз дүүлүккөндө (кыйшайганда) Абалдын тең салмактуулугу туруктуу болсо, анда системанын термелүүсү басаңдап, мурунку абалына келет. Туруксуз Абалдын тең салмактуулугуна жакын система дүүлүккөндө (кыйшайганда) термелүү жасап бара бара четтеп кетет. Туруктуулук жок Абалдын тең салмактуулугуна системанын аз эле четтөөсү Абалдын тең салмактуулугуна жакын басаңдабоочу термелүүнү пайда кылат.

Эркин бир нече даражалуу системалар үчүн Абалдын тең салмактуулугуна жакын кыймыл өтө татаал жана четтөөсүнүн башталыш мүнөзүнө көзкаранды болот. Абалдын тең салмактуулугуна жакын динамикалык системанын кыймылы көпчүлүк учурда комплекстүү мүнөздөгүч көрсөткүчү λi болгон экспонент суммасы түрүндөгү чыгарылышы бар теңдеме түрүндө жазылат. Эгерде бардык мүнөздөөчү көрсөткүчтөрүнүн чыныгы бөлүгү терс болсо, анда Абалдын тең салмактуулугу туруктуу; эгерде жок дегенде бир λi оң чыныгы бөлүгүнө ээ болсо, анда Абалдын тең салмактуулугу туруксуз. Эгерде мүнөз-дөөчү көрсөткүчүнүн бир бөлүгү нөл, ал эми калганы нөлдөн кичине болсо, анда анын туруктуулугун изилдөө татаалыраак болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]