Абал теңдемеси

Википедия дан

Абал теңдемеси - термодинамикалык теңсалмактуулук абалындагы бир тектүү физикалык системанын басымы p, көлөмү V жана температурасы Т ортосундагы математикалык көзкарандылыктан турат. Бул көзкарандылык анык эмес түрдө f (р,V,Т)=0 деп жазылып, абал теңдемеси деп да аталат. Эгерде басымды көлөм жана температура аркылуу туюнтсак p=p(V,Т), анда системанын эң кичине кеңейишиндеги δV элементардык жумушту δΑ=pδV деп аныктоого мүмкүндүк берет. Идеалдык газдар үчүн Абал теңдемеси катары Клапейрон (Клапейрон-Менделеев) теңдемеси pV0=RТ алынат, мында R - газдын универсалдык турактуулугу, V0 - 1 моль газдын көлөмү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]