Абанын булганышы

Wikipedia дан

Ар бир кирдөө процесси жаратылышта коргоо реакциясын пайда кылат. Жаратылыштын бул касиети адам тарабынан узак убакыт бою эксплуатацияланып келди. Бирок ар нерсенин чеги бар...

Атмосфераны булгоочу 2 булак бар: табигый жана антропогендик.

Абанын булганышы — кишинин тиричилигинин натыйжасында калк отурукташкан жайлардагы аба составынын өзгөрүшү. Калк отурукташкан жерлерди көрктөндүрүү (асфальттоо, жашылдандыруу, санитариялык тазалоо) начар болсо, шамалдан, транспорт жүргөндө, киши басканда чаң көтөрүлүп абаны булгайт. Суук мезгилде үйдү жылытуу үчүн меш жагылганда мор аркылуу абага түтүн, көө жана башкалар бөлүнүп чыгат. Андан тышкары ири шаарларда өнөр жай ишканаларынан, транспорттон чыккан газ, чаң, буу дагы башка ушул сыяктуудан аба булганат. Кийинки мезгилде автотранспорттордун саны өсүп, алардын кыймылдаткычтары бөлүп чыгарган зыяндуу заттар абаны көбүрөөк булгоод Ошондой Алсак, айрым маалыматтар боюнча 1 миң автомашина бир күндүн ичинде 3,2 т көмүртек кычкылын, 200—400 кг чала күйгөн отун продуктуларын, 50— 150 кг азот бирикмелерин абага бөлүп чыгарат. Абанын булганышы кишинин (жаныбарлардын) ден соолугуна, өсүмдүктөрдүн өсүшүнө -зыяндуу таасир тийгизет. Мындай булганган абада жашаган кишилердин ден соолугуна зыян келтирилип, айрым оорулардын саны көбөйүп, өмүрдү кыскартат. Абадагы зыяндуу заттар жана чаңдар организмге өпкө аркылуу киргендиктен, биринчи кезекте дем алуу органдары жабыркайт. Ошондуктан өпкөнүн, жогорку дем алуу органдарынын оорулары (бронхит, бронх астмасы, сезгенүү жана башка) көп кездешет, ошондой эле алардын рак оорусу да көбөйүүдө. Абадагы чаң, түтүн, ыш күн нурунун, андагы ультракызгылт көк нурдун өтүшүн азайтып, организмдин ар түрдүү ооруларга туруктуулугун төмөндөтөт. Абанын радиоактивдүү заттар менен булгануусу кишинин ден соолугу үчүн өтө зыяндуу. Ошондуктан, абаны булгануудан сактоого багытталган чаралар өтө чоң мааниге ээ. Ал үчүн Советтер Союзунда табиятты коргоо мыйзамынын негизинде тийиштүү чарбалык жана санитариялык чаралар жүргүзүлүп, оң натыйжаларды берүүдө, ошондой эле Абаны тазалоо, Абаны санитариялык коргоо.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • EKOLOJİ ÇEV-150. 6. Hafta: Kırgızistan-Türkiye Manas Üniversitesi / Dr. Nurzat Totubayeva