Абанын нымдуулугу

Wikipedia дан

Абанын нымдуулугу - абадагы суу буусунун өлчөмү; абарайынын жана климаттын өзгөчөлүктөрүн мүнөздөөчү эң негизги көрсөткүчтөрдүн бири. Суу буу түрүндө атмосферанын төмөнкү катмарында (6 кмге чейин) кездешет. Абанын нымдуулугунун атмосферадагы өлчөмү туруксуз, анткени ал жыл мезгилдеринин температурасына жана кеңдиктерге көз каранды. Экватордо аба өтө нымдуу, уюлдарга жакындаганда азаят. Орто эсеп менен абанын абсолюттук нымдуулугу жайында 10,46 мм, кышында 4,69 мм болот. Жер бетинен бийиктеген сайын нымдуулук азая бергендиктен абанын нымдуулугу стратосферада жокко эсе. Атмосферадагы булут түрүндөгү суу буусу жербетин муздап кетүүдөн сактайт, жаан түрүндө жерге түшүп, сууларды пайда кылат. Абанын нымдуулугу чөйрөнүн температурасын, абанын кыймылына карата организмдеги жылуулук алмашууну жөнгө салат. Абанын салыштырма нымдуулугу 40-60% болсо, адам үчүн жагымдуу деп эсептелет. Абанын нымдуулугу гигрометр, психрометр менен ченелет. Абанын нымдуулугу организмдин айлана-чөйрө менен жылуулук алмашуусуна орчундуу таасир тийгизгендиктен, адамдын тиричилиги үчүн маанилүү. Мисалы, температура төмөн, абанын нымдуулугу жогору болгондо жылуулуктун бөлүнүшү күчөп, адамдын денеси өтө муздап кетет. Нымдуулукту азайтуу үчүн абаны желдетүү, кондициялоо сыяктуу ыкмалар колдонулат. Ошондой эле абанын нымдуулугу кээ бир технологиялык процесстерде, айрым ооруларды дарылоодо, китептерди, искусство чыгармаларын сактоодо чоң мааниге ээ.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1