Аба-десант аскери

Википедия дан

Аба-десант аскери - душмандын тылында согушууга дайындалган аскер түрү. Аба-десант аскери парашют-десанттык, танкалык, артиллериялык, өзү жүрүүчү артиллерия жана башка аскер бирикмелеринен, бөлүктөрүнөн, бөлүкчөлөрүнөн жана байланыш, инженердик сыяктуу атайын аскердик бөлүктөрдөн түзүлөт. Аларга парашют менен самолёттон секирүүнүн жана согушуунун атайын тактикасы үйрөтүлөт. Стратегиялык аба-десант аскеринин душмандын терең тылындагы эң орчундуу жерлерди ээлөөгө жана негизги күчтөр келгенче кармап турууга, анын мамлекеттик жана согуштук башкаруу түйүнүн кыйратууга, ядролук чабуул коюучу каражаттарын, базаларды жана башка маанилүү объектилерди жок кылууга мүмкүнчүлүгү бар. Алар өз милдеттерин куралдуу күчтөрдүн башка түрлөрүнүн бирикмелери, бөлүктөрү менен биргелешип аткарат. Аба-десант аскерин душмандын тылына түшүрүү үчүн аскердик-транспорттук авиация колдонулат. Дүйнөдөгү болуп жаткан улуттар аралык, этникалык чыр-чатактардын, локалдык согуштардын тажрыйбасы аба-десант аскеринин мааниси зор экендигин ачык далилдөөдө.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1