Аба жана күн ваннасы

Википедия дан

Дарылоо жана ден соолукту чыңдоо максатында аба менен Күн нурунун дарылык касиетин пайдаланууга негизделген дарылоо ыкмасы. Ал климат менен дарылоонун негизин, санаторий-курорттук дарылоонун маанилүү бөлүгүн түзөт; врачтын көрсөтмөсү менен күндөлүк турмушта да колдонууга болот. 3.Аба ваннасы. Нерв системасын сеп алдырат, дем алууну жана кандын кычкылтек менен камсыз. болуусун жакшыртат, организмдин жалпы тонусун жогорулатат, уйкуну тереңдетет, тамакка табитти арттырат. Өзгөчө табигый шартта абада кычкылтек жана терс иондор же дем алууну жакшыртуучу кээ бир өсүмдүктөрдүн жашоосунда пайда болгон продуктулар көп болсо, аба ваннасы абдан пайдалуу (к. Аэрозольтерапия). Аба ваннасынын таасири абанын температурасына, нымдуулугуна жана шамалдын күчүнө жараша болот. Аба ваннасын жылдын жылуу мезгилинде, шамалсыз учурда, көлөкө жерде дененин улам бир жерине, адегенде бут менен колду жылаңачтап, кийин бүт денеге жасаса болот. Аба ваннасын түшкө чейин (эртең мененки тамактануудан 1/2—1 сааттан кийин) алып, убактысын 5—10 минутадан баштап, акырындап көбөйтүү керек. Алсыз, суукка чыдамсыз адамдар адегенде кийимчен баштаса болот. Аба ваннасын мезгилге жараша кийинип, таза абада сейилдөө, балдар сыртта ойноо убагында алса да болот. Бакта же огороддо чечинип иштөө да пайдалуу. Аба ваннасынан кийин муздак суу менен сүртүнүү, душка, көлгө. сууга түшүү жакшы натыйжа берет. Кышында аба ваннасын үйдүн ичинде бөлмөдө алса болот; төшөктөн тургандан кийин кийинбей туруп, терезени (же бир көзүн) ачып коюп, гимнастикалык көнүгүүлөрдү жасоо керек. Суук мезгилде верандада же балкондо жылуу оронуп уктоого болот. Аба ваннасын врач белгилейт. Ал организмди чыңдоого (өзгөчө балдардын), ошондой эле жүрөккан тамыр системасынын, дем алуу органдарынын айрым ооруларында, аз кандуулукта, нерв системасынын иши бузулганда ж. б. сунуш кылынат. Айрым ооруларда (ревматизм кармаганда, муундардын өнөкөт сезгенүүсүндө, неврит жана миозитте) колдонууга жарабайт. 60 жаштан өткөн жана суукка байымсыз адамдар аба ваннасын этияттап алышы керек.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ден соолук»: Медициналык энциклопедия/Башкы ред. Борбугулов М. Б.; Кырг. ССР ИА ж. б.— Ф.: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы ред., 1991.— 456 б. ISBN 5-89750-008-8

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

http://ky.winelib.com/wiki/%D0%90%D0%B1%D0%B0_%D0%B6%D0%B0%D0%BD%D0%B0_%D0%BA%D2%AF%D0%BD_%D0%B2%D0%B0%D0%BD%D0%BD%D0%B0%D1%81%D1%8B Archived 2016-03-04 at the Wayback Machine