Аба жылыткыч

Википедия дан

Аба жылыткыч - жылуулук алмаштыргыч аппарат. Ал аркылуу өткөн аба жылытылат. Жылуулук өткөргүч түтүк аркылуу батареяга берилип ысыйт, анан аба жылытылат. Абаны жылытуу жана айдоо үчүн ысык түтүн, суу буусу, ысык суу же электр энергиясы пайдаланылат. Казан жана газтурбиналуу (газбаралуу) орнотмодо, меш агрегатында, кургатуу жана ысытуу техникаларында кеңири колдонулат. Иштөө аракетине жараша Аба жылыткычтар үзгүлтүксүз (рекуперативдүү) жана мезгилдүү (регенеративдүү) жылуулук бергич болуп бөлүнөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1