Аба муздаткыч

Википедия дан

Аба муздаткыч – өнөр жайларда, үй-тиричилигинде абаны муздатуучу, температура алмаштыруучу аппарат. Абаны муздатуунун негизги үч системасы бар: 1) түздөн-түз муздатуу муздатуучу агент (аммиак, фреон) муздаткыч камераларынын капталдарында орнотулган батареялар аркылуу акканда, ал камерадагы абанын жылуулугун өзүнө тартып алат; 2) туздардын эритмелери менен муздатуу эритмелерди же сууну форсунка менен чачыратканда аба муздайт; 3) айкалыштырылган муздатуу жогоруда аталган эки түрдөгү аппараттардын принциптери бирге иштетилет. Аба муздаткыч кургак жана буулуу болуп бөлүнөт. Муздатуу техникасында фарфор шакекчелүү муздаткыч кеңири таралган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1