Аба ырайын болжоо

Википедия дан

Аба ырайын болжоо, прогноздоо (гр.prognosis алдыналуу, билүү) атмосферадагы процесстерге талдоо жасоонун негизинде аба ырайы абалын күн мурунтан аныктоо. Абанын өзгөрүшүнө жараша кыска (1-2 күнгө) жана узак (3-10 күн, ай, сезон жана бир жылга) мөөнөткө байкоо жүргүзүлөт. Аба ырайын болжоо ар бир пункт, трасса (мисалы, авиация үчүн), аймак боюнча аныкталат. Абанын температурасы, күндүн ачык же бүркөктүгү, жаан-чачын, шамал, бороон-чапкын, күн күркүрөө, үшүк жана башка кубулуштар тууралуу маалыматтардын түрүнө карай жалпы жана кошумча өзгөрүштөрдү билдирүүчү атайы Аба ырайын болжоо болуп бөлүнөт (мисалы, авиация үчүн күндүн ачыктыгы, булуттун төмөнкү жана жогорку чектери, шамалдын багыты жана ылдамдыгы, айыл чарба үчүн жаан-чачындын болушу, сууктун түшүшү, үшүк же кургакчылыктын күтүлүшү жана башка, темир жол транспорту үчүн кардын, нөшөр жаандын, борошонун болушу). Болжоо 3 түрлүү: синоптикалык аба ырайын болжоо метеорологиялык станциялар менен жердин жасалма спутниктеринен алынган маалыматтардын негизинде түзүлгөн синоптикалык картаны пайдалануу аркылуу, жергиликтүү белгилер боюнча аба ырайын болжоо байкоолор жүргүзүлгөн белгилүү бир пункттагы аба ырайынын өзгөрүшүнүн негизинде, статистикалык аба ырайын болжоо белгилүү бир жерлердеги аба ырайынын өзгөрүшү, табигый кубулуштар жана аба ырайынын өткөндөгүсү менен алдындагысынын аралыгындагы статистикалык байланышты пайдалануунун негизинде жүргүзүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1