Аббас Абад бакчасы

Википедия дан

Аббас Абад бакчасы باغ عباس‌آباد[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аббас Абад тарыхый комплекси Мазандаран областынын Бешехр шаарчасынын тарыхый комплекси. Аббас Абад комплексинин бакчасы шаарчадан 9 километр алыстыкта, Альборз тоосунун кыркасында чытырман токойдун арасында жайгашкан. Ал Ирандын эң чоң жана эң маанилүү тарыхый бакчасы катары ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине катталган. Бул комплекс Аббас Абад плотинасы, суу сактагыч жана плотина көлмөсү, Гүлбакча, хан сарай, мончо, көк түстөгү тегирмен жана кыштан курулган эки буранадан турат. Ал Аббас шах I дин буйругу менен 1020-201021 жылдары Харгоуран теп аталган аймака салынган жана азыркы тапта Ирандын чөлдүү эмес, жапжашыл бак дарактуу жеринде жайгашкан эң маанилүү бакча болуп саналат. Анын аянты 500 гектарга жакын.

Көлмө[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Плотина көлмөсү өзүнө 600 миң куб метрди камтып суу сактагыч түрүнө кирет. Бул плотина Ирандын маданий мурастар уюму тарабынан 745 номуру менен Ирандын тарыхый жана маданий калдыгы катары катталган. Аббас Абадагы табигый көлмө 10 гектар жерди өзүнө камтып, анын ортосунда имарат жайгашкан жана көлмө толгон кезде бийиктиги 18 метрди түгөн имарат сыыга чөгүп, анын чатыры жанында өскөн дарактардын учтары гана көрүнүп калат.

Көлмөнүн төрт капкасы (арка) жөнүндө маалыматтар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бешехр шаарчасынын Аббас Абад бакчасындагы атайын жасалган көлмөнүн ортосунда кыштан курулган төрт капкалуу имарат курулган. Анын чатыры жыгачтан жана атайы үйдүн төбөсүн жаба турган темирден курулган. Аталган төрт капка суу ташкындаган учурда суунун алдында калып, жалгыз гана анын чатыры суу үстүндө калат. Ал эми капталындагы капкалар 8 түркүктөн, ортонку капка бир түркүктөн турат. түркүктөрдүн чоңдугу болжол менен 4х4 метрди түзүп, бир платформанын үстүндө жайгашкан. Анын маанилүү жери андагы жана имараттын тегерегинде кыш тепкичтердин жоктугу. Аталган жер алгач плотинаны калыпка келтирүү үчүн салында, андан кийинчерээк плотина суусун алуу, аны өз кызыкчылыгы жана көңүл ачуу үчүн колдонушкан. Жеке изилдөө иштеринин негизинде аталган борбор көлмөгө суу жеткирүү үчүн, ошол заманда колдонулса жогору жакта жайгашкан булак жана шаркыратманын суу агып келип топтолгон. Имараттын ичинде көңүл ачуу үчүн жасалган бассейнди колдонуу үчүн анын түндүк тарабынан имаратка карай салынган жыгач көпүрө аркылуу жетүүго болот. Бирок бул имарат бир гана көңүл ачуу үчүн колдонулбастан плотина тармагындагы илимий, техникалык иштерди жүргүзүү үчүн да активдүү колдонулган.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Жамшиди, Можган, Аббас Абад Шешехр, Дүйнөлүк каттоого даярдоо: Иран гезити, 24/9/863812, 11 бет.
  • онлайн хамшахри
  • Бешердеги Аббас Абад менен таанышуу (Мазандаран) – Улуу Куруш илимий уюму,
  • Бешердеги Аббас Абад көлмөсү
  • Аймактык архитектура – интернеттеги студенттик басылма – үчүнчу жыл – 43 чыгарылыш, 1388-жыл 15 Хордад. Бешехрдеги Аббас Абаддын тарыхый бакчасынын техникалык жана маданий таанылышы.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Иран бакчалары,
  • Ария мурастары,
  • Иран маалыматтары,
  • Афтаб жаңылыктар агенттиги,
  • Ирна жаңылыктар агенттиги,
  • Аббас Абад бакчасы макаласы, жазган: Мусави Насб,
  • Шаргиян электрондук журналы,
  • Ислам Республикасынын кабар борбордук бөлүмү,
  • Туристтер үчүн маалымат,
  • Эбтекар гезити.

https://fa.wikipedia.org/wiki/%D8%A8%D8%A7%D8%BA_%D8%B9%D8%A8%D8%A7%D8%B3%E2%80%8C%D8%A2%D8%A8%D8%A7%D8%AF Маданият, Табият