Аббат

Википедия дан

Аббат (лат. abbas, арамейче «abbo» отец) батыш европалык христианчылыкта католик монастрынын, аббатчылыктын башчысынын титулу (аялдар монастрынын башчысы аббатиса). Алгачкы орто кылымда аббаттардын кыйласы ири феодалдарга айланышып, чиркөөдө епископтон кийинки орунду ээлешкен. Аббат католик чиркөөсүндөгү поптордун жана жогорку дин кызматкерлеринин жалпы аталышын да билдирет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1