Абдаллах ибн Абд-ар Рашид

Википедия дан

Абдаллах ибн Абд-ар Рашид, Xафиз-и-Абру (туулган жылы белгисиз 1430, айрым маалыматтар боюнча 1451) орто азиялык тарыхчы. Гератта төрөлүп, Хамаданда билим алган. Шахрух менен Улугбектин доорунда хан сарайда кызмат өтөп, ошол мезгилде Мавереннахр, Иран жана ага коңшулаш элдердин тарыхы, табияты тууралуу бир катар эмгектерди жараткан. Анын 4 томдон турган «Тарыхтар каймагы» («Зубдет ат-тауарих»), ошондой эле Абу Жафар Мухаммед атТабари, Рашид ад-Дин, Низам ад-Дин Шаминин эмгектерин пайдаланып жазган «Жыйнак» («Меджмуйе») аттуу эмгектеринде эмир Темирдин тушундагы аймактагы бийлөөчүлөр, кыпчактардын саясий тарыхы жана башка тарыхый окуялар жөнүндө баалуу маалыматтар берилген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1