Абдерлик Протагор

Википедия дан
Демокрит жана Протагор (1664).

Протагор Абдерлик (Х.Т.ч. 480—410-ж.ченде) — Байыркы Грецияда философияда өзүнчө багыт катарында эсептелген софистиканы негиздегендердин бири.

«Софист» деген сөз алгач байыркы грекче турмуштун ар кыл тармагында кадыр-баркка ээ болгон «акылманды» билдирген. Андан кийин жаш адамдарды ар түрдүү коомдук ишмердүүлүктөргө даярдашып, жашоо үчүн эмгек акы табышкан акы төлөнүүчү окутуучуларды софисттер деп атай башташат. Алар окуучуларын чечендикке жана ар түрдүү билимдерге үйрөтүшкөн. Бара-бара «Софист» деген сөз биздин билимдерибиздин салыштырмалуулугу жөнүндөгү принципти аша чапкандыкка чейин жеткирген, философия мугалимдерине карата колдонула баштайт. Бул мугалимдер чечендик искусствосуна үйрөтүү менен, ар түрдүү жоболорду, ал жоболордун акыйкат же акыйкат эместигине карабастан, далилдөөнүн жана ага ынандыруунун ар кыл ыктары жөнүндө сабак беришкен. Алар үчүн мүнөздүү болгон жалпы нерсе дээрлик бүткүл түшүнүктөрдүн, нормалардын, баалардын салыштырмалуулугу жөнүндөгү жобо болуп саналат.
Протагор Афинада жашап, көп саякаттаган. «Кудайлар» жөнүндөгү китеби үчүн күнөөлүү деп айыпталып, Афинадан куулуп жиберилет.

Бизди курчап турган дүйнө карама-каршы дүйнө, ошондуктан «ар бир нерсеге карата эки карама-каршы тезисти колдонуу керек» деп эсептеген. Бул Протагордун белгилүү лакап кебинде чагылып калган: «Адам бардык нерселердин: жашап тургандардын жашап тургандыгынын жана жашап турбагандардын — бар болуп жашап тургандыгынын чени болуп саналат.»

Кубулуштарды кабылдоо, Протагорго ылайык, бардыгы конкреттүү адамга байланыштуу болот: «Мен эмнени кандай кабылдасам, ал мен үчүн ошол көрүнүшүндө туура, сага кандай түрдө кабылданса, сага ошондой түрүндө туура» [Протагор жөнүндө Платон ушундайча жазат].

Протагордун бул релятивизми динге да таратылат: «Кудайлар жөнүндө мен алардын бар экендигин да, алардын жок экендигин да билбеймин, алардын кебете-кепширин да билбеймин, анткени аны билүүнүн жолунда көп тоскоолдуктар бар: предметтин көзгө көрүнбөгөндүгү да, адам өмүрүнүн кыскалыгы да буга себеп».

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]