Абдиев Калбай

Википедия дан

Абдиев Калбай (23. 2. 1955-ж. туулган, Калинин району, Суусамыр кыштагы) - жетекчи кызматкер.

  • Кыргыз мамлекеттик университетинин чет тилдер факультетин бүтүргөн (1979).
  • Эмгек жолун 1972-73-жылдары Сокулук районунун «Дружба» колхозунда жумушчулуктан баштаган.
  • 1979-ж. Панфилов районунун 1-Май орто мектебинде немис тили мугалими, 1980-89-жылдары ушул эле мектепте директордун орун басары, 1989-жылдын августунан 1991-жылдын августуна чейин Суусамыр орто мектебинде директор болуп иштеген.
  • Кийнчерээк Жумгал районунун «Кызыл-Ой» совхозунда партиялык комитеттин катчысы.
  • 1992-94-жылдары Суусамыр райондук коммуналдык турак-жай чарбасынын башчысы, акимчиликте референт.
  • 1994-98-жылдары жеке ишкердик менен алектенген.
  • 1999-жылдын апрелинен Суусамыр дыйкан чарба башчысынын коммерция иштери боюнча төраганын орун басары, 2001-жылдан ошол эле чарбанын администраторунун жардамчысы, 2005-06-жылдары Чүй облусунун Жайыл райондук граждандык коргоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси болуп иштеген.
  • Учурда «Абды» дыйкан чарбасынын башчысы болуп эмгектенип келет.
  • Кыргыз Республикасынын Агартуу жана билим берүү, СССР агартуу жана билим берүү министрлигинин, Профсоюз кызматкерлеринин Борбордук комитетинин Ардак грамоталары менен сыйланган.
  • Ал 3 жолу Суусамыр айыл кеңешине, бир жолу Суусамыр райондук кеңешине депутат болуп шайланган.
  • Басыл уруусунан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9