Абдирашитов Темиркан

Википедия дан

Абдирашитов Темиркан Ат жабдыктарынын чебери. 1968-ж. Кемин районундагы Жол-Булак айылында төрөлгөн.

Орто билимдүү. Он жылдан бери устакерчиликти туруктуу кесип тутат. Ал чоң аталары Өмүрзак уулу Мажит зергердин, анын байбичеси Зарыл өрүмчүнүн, жездеси, Исраилов Исланбек устанын таасирин жана нускаларын алган. Темиркан ат жабдыктарын түгөлү менен кармайт. Ээрди талдан, теректен тандайт. Кыйын келген жердик жыгач жарылып кетпеши үчүн эки учуна уйдун жаңы жампасын сыйпап, көлөкө жайда кургатып, туюк чабат. Ал жүгөн, көмөлдүрүк, басмайыл («хаз тандай өрүм» аралаш), куюшкан жасоодо ак кайышты булгаарыга беттей чийдей кайыш өзөх коюп, кол кайык аркылуу жүзөгө ашырат. Ага чабылган шөкөттөрү нускоочусу Исланбек устаныкына үндөшөт. Камчы жасоодо көбүнчө «жылан боор өрүмүн», «терме өрүмүн» 8-10-12-14-16 тал көк аркылуу өрөт. Көбүнчө торпоктун терисин сууга бастырса же кленкага оросо 3-4 күндө чылгый теринин жүнү жыдыйт. Аны көлөкөлүү түз жерге керип кургатат. Нымдуу турушу үчүн кийиз астына бастырат. Четинен тиле баштайт. Темиркандын өнөктөшү Акматов Айбек (1970-ж. Сокулук районундагы Кызыл-ТУу айылында төрөлгөн) бүтүндөй ат жабдыктарына узанууну үйрөнүп чыккан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0