Абдраимов Алыкул

Википедия дан

Абдраимов Алыкул (1925, Жумгал району - 2001, Аламүдүн району, Беш-Күнгөй кыштагы) - укук. коргоо кызматкери, агартуучу, согуштун ардагери.

  • Кыргыз мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин бүтүргөн (1960).
  • 1934-43-жылдары Фрунзе жети жылдык мектебинде окуган.
  • 1943-ж. армияга кызмат өтөөгө чакырылып, 2-Беларус фронтунда 2-сокку уруучу (ударный) армиясынын № 927 сапёрдук батальонунда согушка катышкан.
  • 1945-жылдан 1947-жылга чейин Советтик Армиянын аскер бөлүктөрүндө кызмат өтөгөн.
  • 1947-жылдан 1955-жылга чейин Фрунзе атындагы негизги мектепте мугалим болуп иштеген.
  • Ал 1960-ж. 11-декабрда Тоң районунун, андан соң Талас райондук (1965-76), Кант райондук элдик соту (1976-82) болуп шайланган.
  • Фрунзе шаарынын 1-Май районунун камсыздоо бөлүмүнүн төрагасы (1982-84) жана Аламүдүн совхозунда юрист кеңешчи (1984-87), Аламүдүн механикалык бириккен өндүрүш бөлүмүндө жарандык коргонуу боюнча штабдын начальниги (198889) болуп эмгектенген.
  • Улуу Ата Мекендик согушта көрсөткөн эрдиктери үчүн «За отвагу», «Согуштагы каармандыгы» (согуш бүткөндөн 40 жылдан кийин), «Кёнисбергди алгандыгы үчүн» медалдары, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамотасы менен сыйланган (1970).
  • Жогорку башкы командачы И. В. Сталин тарабынан Грауджу чебин алууда көрсөткөн эрдиги үчүн алкыш алган.
  • Кожотай уруусунан.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9