Абдракман уулу Кабай

Википедия дан

Кабай Абдракман (Абдрахман) уулу (1914-1937-жж) - агартуучу, жыйноочу. 1914-жылы Чон-Кеминде туулган.

1920-жылдары Арстанбек Бойлош уулунун чыгармаларын жыйноого киришкен.

Адистердин баамында Арстанбектин ырларын өз атасы Абдыракмандан, айтылуу күүчү Муратаалыдан угуп чонойгон. Кийин кат-сабаты жоюлганда аларды кагазга түшүргөн.

Кыргызстандын түштүгүнө мугалимдик кылууга которулуп, ошол жакта жүргөнүндө Сталиндик режим тарабынан жазыксыз жерден репрессияланган.

Кабай Абдракман уулу куугунтукка кабылганда, Кеминде калган ата-энеси кол жазмаларын кийизге ороп, короосунун четине көөмп коюшкан.

Арстанбектин ырлары камтылган кол жазмалар СССР кулаган соң гана (1992-жылы) жер айдоо убагында кокусунан табылган.