Абдрахман уулу Сатынбай

Википедия дан

Сатынбай Абдрахман уулу (1772 же 1773-жылы, Наманган 18-кылымдын аягы) – Атаке баатырдын Орусияга экинчи элчилигинин башчысы.

1785–89 жылдары Санкт-Петербургга Атаке баатыр Тынай бий уулунун (сарыбагыш) элчилигин жетектеп барган Абдырахман (Карганбай) Алкучаковдун баласы.
1787-жылы Тогуздун айынында Атаке баатырдын жайытына Орус империясынын элчиси Муслим Агаферовду салтанаттуу тосуу үлпөтүнө катышкан. Атаке баатырдын Орусияга жиберген экинчи элчилигин башкарып барган. Омск шаарына 1788-жылы Башоона айынын 2 жеткен. Батыш Сибирь генерал-губернатору Н. Г. Огаревдун кабылдоосунда болуп, сый белектерге татыган. Бул жерден кыргыз жергесине элчиликке барган Муслим Агаферовдун Орусияга кайтып бара жатканда жолдо тонолгондугун билип, ушул иштин анык тастыкталышына катышып, 1793-жылга чейин Омскиде болгон. Бул тоноодо кыргыздардын күнөөлүү эместигин далилдөөгө жардам берген.