Абдуллаев, Бекболот Мирланович

Википедия дан

Абдуллаев Бекболот - жаш кыргыздын акын-жазуучусу, активист, жаш лидер, спикер, ишмер

Аты-жөнү Абдуллаев Бекболот
Туулган күнү 13.03.2004(2019-15 жаш)
Туулган жери Жалал-Абад облусу, Базар-Коргон району,
Жетишкендиктери Базар-Коргон райондук жаштар комитетинин мүчөсү, "Яркий спикер" номинациясынын лауреаты, "Лучшее освещения в СМИ" номинациясынын лауреаты (IDEA)

Жаш жазуучунун чыгармачылык жолу айылда жүргөндө башталган. Кай бир басма сөзгө берген маегинде "Мен акын-жазуучу болом деп ойлогон эмесмин. Бул өнөр менде бар экенин билген да эмесмин" деп өткөн. Айылда жүргөн күндөн баштап ыр жазууга эргүү келип калган дейт. Бирок үй-бүлөсүндө Жазгуль Калматова аттуу  эжеси да ыр жазганы шыктуу болгон. Бекболот Абдуллаев айылда жүрүп алгач "Классташ" гезитине өзүнүн ырларын чыгара баштаган. Бир жыл өтпөй "Классташ" гезитине маек берип, баш бетин кооздоп чыккан. Жазуучунун өзү тушоосун кесилген күнүн ошол маек берген күнү деп эсептейт. Андан кийин Базар-Коргон районуна келип, соц тармактарга "Патриот жигит" деген ат менен жашыруун чыгып. "Тагдыр барактары", "Казак, кыргыз достугу" атуу повесть, аңгемелерин жазган. Бирок ал убакта Бекболот такшала элек болгондуктан чоң сынга кабылган. Соц тармак колдонуучулары жаш жазуучунун жаш өзгөчөлүгүн билбегендигинен сындоого өтүшкөн. Кийин жазуучулукту токтотуп, 2 ай бою ыр менен алектенип, "Күндөлүк" аттуу бөбөктөргө арналган ырлар жыйнагын чыгарган.

Бекболот Абдуллаев устазы Жыпар Исабаеванын ырларын, китептерин окуп, ага окурман болгон. Көп өтпөй Жыпар Исабаева Бекболотко устаздык кылып, 1 айдан кийин кайра чыгармачылыкка аттанды. 2019-жылы Жыпар Исабаева социалдык баракчасына Бекболот Абдуллаевди шакиртим деп жарыялап, "Мени менен үзөнгүлөш жазып калды" деп мактап өткөн. Анын "Айымкан" атуу повести азыр коомчулук арасында таанымал адабий чыгармалардын бири. Кийин Бекболот чоң атасы Калматов Абдулла Калдаровичтин урматына каймана атын "Абдулла-Бек" деп койгон. Бирок кайра окурмандар тарабынан өз атына өтүлүүшү сунуш кылынып, "Бекболот Абдуллаев" деп, өз аты менен жаш жазуучу болуп калды.

2019-жылы Бекболот жаштар комитетине мүчө болуп, ошол жылдан баштап активист, лидер, спикер боло алды.

2020-жылы IWORK фриланс-сервисин негиздеген. 2020-жылы февраль айынан баштап IREAD кайрымдуулук кызматын негиздеп, аны иштетип келет.