Абдуллаев Адылжан

Википедия дан

Абдуллаев Адылжан (1951-ж. т., Карасуу району, Кызылсуу айылы) - композитор. Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер (2003).

  • Кыргыз Республикасынын элге билим берүүсүнүн отличниги.
  • 1966-ж. Токмок шаарындагы маданий-агартуу техникумунда, 1971-ж. Ленинграддагы

маданият институтунда окуган.

  • 1980-ж. Кыргыз мамлекеттик Б. Бейшеналиева атындагы искусство институтунун композиция классын проф. Т. Эрматовдон бүтүрүп, М. Абдраев атындагы адистештирилген музыкалык мектеп-интернатында мугалим, 1983- ж. окуу бөлүмүнүн башчысы,
  • 1981-жылдан директору болуп иштейт. СССРдин жана Кыргызстан композиторлор союзунун мүчөсү. Республикалык конкурстардын лауреаты.
  • 2004-ж. АКШнын Чикаго шаарында стажировкадан өткөн.

Негизги чыгармалары: симфониялык оркестр үчүн «16-жыл» аттуу симфониялык поэмасы, балдар хору, тенор жана симфониялык оркестр үчүн «Тоо балдары» кантатасы, скрипка жана фортепьяно үчүн «Вариациялар», фортепьяно үчүн «Соната», труба жана симфониялык оркестр үчүн концерт, «Жар-жар ай», «Кымбатым менин Айперим», «Көл жээгинде», «Жашчылык», «Эне, неге кирдиң түшүмө» аттуу ырларды, балдар үчүн «Күчүгүм», «Кызыл алма», «Чабалекей», «Бийчи», «Кирпинин ыры» аттуу хорлорду жазган, фортепьяно үчүн «24 пьеса» аттуу эки жыйнак чыгарган. Ардак грамоталар, медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.