Абдуллаев Сайфулла Нурмухаммедович

Википедия дан

Абдуллаев Сайфулла Нурмухаммедович (Нури Ахмад) (1959, Ысык-Көл облусу, Пржевальск шаары) тилчи, филология илимдеринин доктору (1993), профессор (1995). Түркология, орус тили жана этнология боюнча адис, Новосибирск лингвистикалык мектебинин өкүлү. Пржевальск мамлекеттик пединститутту (1980), СССР ИАнын Сибирь бөлүмүнүн тарых, филология жана философия институтунун аспирантурасын (1984) аяктаган. Пржевальск мамлекеттик пединститутунда улук окутуучу, доцент (1985-93), К. Тыныстанов атындагы ЫМУда доцент, кафедра башчысы. Негизги илимий эмгектери түрк тилдеринин синтаксистик түзүлүшүн моделдөө жана уйгур тилинин синтаксистик түзүлүшүн иликтөөгө арналган. Эмгектери: «Структурно-семантические модели простого предложения в современном уйгурском языке» Б., 1992.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1