Абдулла Хафиз

Википедия дан

Абдулла Хафиз (чыныгы аты-жөнү Файзуллаев Абдулла; 1869-1944) артист, Кыргыз ССРинин эл артисти (1940), Өзбек ССРинин эл ырчысы (1943). Намангандагы шайырлар ийриминде, Чыгыш труппасында, Оштогу музыкалык драма театрында, согуш жылдарында Ташкен облусунун Янги-Юл шаардык музыкалык драма жана комедия театрында иштеген. «Көчө багы», «Ош шагы», «Эшпай», «Абдурахман Беги», «Баят», «Календер» жана башка ырларды аткарган. Абдулла Хафиз аткарган мукамдуу ырлары Кыргыз радиосунун фондуна жазылып алынган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1