Абдыгазы кызы Апал

Википедия дан

Абдыгазы кызы Апал Саймачы жана өрмөкчү. 1926-ж. Кочкор районундагы Кара-Коо айылында төрөлгөн.

Кырк жылдай Кара-Кужурдун Лаколунда чабан болгон. Анын чеберканасында айылдашы, уз Ызаат байбиченин таасири бар. Илме, ийне саймалары тең аткарылган буюмдарына түшкөн көчөттөрүнүн ар бир табакчаларында (үй) «мүйүз оюмунун», «ит куйрук оюмунун», «кыял оюмунун», «карга тырмак оюмунун» сайманын табиятына коошкондой ичке алган элементтери арбын жолугат. Андай көркөм каражаттар өзү тандап алган чөп, гүл, бак-дарак, мөмө-жемиштердин символдошкон түрлөрүнө ич ара кооздук катышты уз сезимтал айкалыштырат. Апалдын өрмөкчүлүгүндө терип согуудагы түшүрүлгөн түрлөрү чыгдан чийге, канат чийге, эшик чийге берилген көркөмдүктөрдөн анча айырмаланбаганы менен бир аз өзгөчөлөнүп алты-сегиз «мүйүз оюмдарынын» өз өзүнчө жаралган табакчаларында кош тумарча түшөт. Аймактык уздардын үлгү бетине жараткан кооздуктарынан аз гана бурулуш жасаганы анын түстү сары саптаганынан да баамдалат. Негизи уз «чымын канат көчөтүн», «тумарча көчөтүн», «омуртка көчөтүн», «чагармак көчөтүн», «жарым чагармак көчөтүн», «бото моюн көчөтүн» кызыл-көк өндө берүүгө куштар. Кызы Жүрсүн эне өнөрүн улантууда.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0