Абдыгулов Жекшен

Википедия дан

Абдыгулов Жекшен (14, 1. 1934-ж. туулган, Москва району, Чоң-Арык кыштагы) - эмгек ардагери, белгилүү механизатор.

  • 1956-ж. Сокулук районундагы Калинин орто мектебин аяктаган соң, Токмок шаарынан бир жылдык комбайнёрдук курсту бүтүргөн (1957).
  • Эмгек жолун ошол эле жылы Москва районундагы Карл Маркс колхозунда комбайнёр болуп баштаган.
  • 1967-жылдан Суусамыр МЖСинде, ГООсунда комбайнёр, тракторист жана бригадир болуп 1992-жылга чейин эмгектенген.
  • Учурда жеке чарбачылыгы менен алектенет.
  • Үзүрлүү эмгеги жогору бааланып, көптөгөн сыйлыктардын ээси болгон.
  • Лениндин 100 жылдык юбилейлик (1970), СССРдин «Эмгектеги каармандыгы үчүн», «Эмгек ардагери» (1984) жана Улуу Ата Мекендик согуштун жеңгендигинин 50 жылдык юбилейлик (1995) медалдардын ээси.
  • Кыргыз ССР айыл чарба министрлигинин (1973), 2 жолу Кыргыз ССР Жогорку Советинин (1974, 1985), иштеген жеринен 14 жолу Ардак грамота менен сыйланган.
  • Социалисттик мелдештин жеңүүчүсү болуп (1977, 1978) төш белги алган.
  • 9-беш жылдыктын ударниги.
  • Калинин райондук кеңешине эки жолу (1978, 1982) депутат болуп шайланган.
  • Чал уруусунан.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9