Субайылда Абдыкадырова

Википедия дан
Абдыкадырова, Субайылда‎»‎ барагынан багытталды)
Субайылда Абдыкадырованын эстелиги

Абдыкадырова Субайылда (9-март 1935, Жайыл району, Сары-Булак айылы - 22-апрель 2010, Бишкек) — акын, Кыргыз Республикасынын маданиятка эмгек сиңирген ишмери (1991).

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1957-ж. Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтун бүтүргөн.
1957-ж. «Ленинчил жаш» гезитинде, андан кийин «Кыргызстан аялдары» журналында, Кыргыз мамлекеттик телекөрсөтүү жана радио комитетинде, «Ала-Тоо» журналында адабий кызматкер. 1987—89-ж. «Кыргызстан маданияты» жумалыгында бөлүм башчы.

Чыгармалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Анын чыгармалары 1953-жылдан жарыялана баштаган. 1958-ж. 1-китеби «Жаш гвардия» басмасында орус тилинде жарык көргөн. Кыргыз тилиндеги 1-китеби — «Булак» (1959). Кийинки чыккан китептери: «Кыз кыялы» (1961), «Калыйпа» (1963), «Чырак» (1966), «Чыгыш кызы» (1969), «Аппак гүлдөр» (1972), «Алтын бешик» (1976), «Мекеним» (1979), «Өмүр күүлөрү» (1989) жана башка. Медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Чүй облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.

Айрым шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Субайылда Абдыкадырова(жеткиликсиз шилтеме)
СУБАЙЫЛДА АБДЫКАДЫРОВА(жеткиликсиз шилтеме)
“Эл акыны” Субайылда Абдыкадырованы эскеришти(жеткиликсиз шилтеме)