Абдылдабекова Анипа Нияз кызы

Википедия дан

Абдылдабекова Анипа Нияз кызы Уз. 1942-ж. Жумгал районунун Таш-Дөбө кыштагында төрөлгөн.

1967-ж. Каракол мамлекеттик педагогикалык институтун бүтүргөн. 1967- 69-жылдары Тогуз-Торо районуиун Арал орто мектебиңде мугалим болуп иштеген. «Кыялдын» эксперименттик өнөрканасында узданат. Анипа чий чырмайт, териге, кийизге, тукабага, ноотуга сайма түшүрүшөт. Аяк кап, секичек, чыны кап, кайчы кап, туткуч сыяктуу буюм тайымдарды ийине келтире жасап, соода сатыкка чыгарууда. Уз негизинен элдик көркөм салттарды ыйык тутат. Элдик кооз оюм-көчөттөрдү, түс-өңдөрүн көбүрөөк пайдаланууга аракеттенет. Буюмдук үлгүнүн жердигине маани берет. Узчулукту кесипчилик көркөм өнөр менен айкалыштырып, бүгүнкү табитке жакындаштырууга аракеттенет. Уз боёк тандоодо өтө билгич. Ал өтө кескин, бири биринен чаңкайып, алыстан ажырап турган түстөрдү (жашыл көк, сары-кара, кызыл-кек д. у. с.) азыраак алат. Ал эми өтмө катар, муңайым ырандарды кеңири колдонууга дилгир. Мыкты уздук сапаты - жердикти өзү жасайт. Жердикке эндейлене согулган таар, өңдөлгөн, боёлгон (ышкын түптөлгөн) тери, түрдүү түстөгү кийиз, чий кирет. Чебер аларга бир өңчөй түстө көркөм көчөттү келтирет. Ал салттуу жана шарттуу түрдө саймачылыктын нукуралыгын даңазалоодо. Анын өнөр майрамдарына катышкан «Текче» (туштук), «Аяк кап» (күзгү кап), «Чыны кап» сымал буюмдары түп тамырынан бери мураска айланып кетүүдө. Уз өсүмдүктөрдүн сабак, жалбырак, бутактарынын элесин өз туюмунда кийизге берет. Бул элибиздин мал жабдуулугунан келип чыккан туюнтмалуу символикасы. Аны узчулук дарамети менен ич ара кыйыштырууга талаптагыдай машыккан. Катышкан көргөзмөлөрү, кароо-конкурстары жана алган сыйлыктары 1978-ж. Бишкек шаарынын 100 жылдыгына карата «Усталардын жана уздардын республикалык кароо-конкурсу». Кыргыз республикасынын Жергиликтүү өнөр жай министрлигинин Ардак грамотасы; 1987-ж. Улуу Октябрдын 70 жылдыгына карата «Элдик чеберлердин республикалык кароо-конкурсу». Сайма буюмдары үчүн Кыргыз ССР Маданият Министрлигинин Ардак грамотасы; 1987-ж. Эл чыгармачылыгынын Бүткүл союздук II фестивалына карата Көркөм кол өнөрчүлөрдүн республикалык кароо-конкурсу». Сайма туштугу үчүн Кыргыз ССР Маданият министрлигинин Биринчи даражадагы диплому.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0