Расия Абдылдаева

Википедия дан
Абдылдаева Расия‎»‎ барагынан багытталды)

Абдылдаева Расия (1924, Нарын облусу, Ак-Талаа району, Кара-Ой кыштагы, 29.7.1998, ошол эле жерде) малчы, Социалистик Эмгектин Баатыры (1958).

1947-жылдан Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Ленин атындагы колхоздо чабан, 1950-жылдан баш чабан болуп иштеген. 1956-ж. ар жүз тубар койдон 113төн, 1957-ж. 121ден козу, ар койдон 3,6 кг жүн, 1958-ж. 126дан козу, 4,1 кгдан жүн кыркып алып, республикада чоң ийгиликке жетишкен. Ленин ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967-14-046-1
  • Музалевский М. В. Герои Социалистического Труда. Биобиблиографический словарь. — М.: РИЦ "Кавалер", 2008. — Т. 2. — 200 с.