Эсеналы Абдылдаев

Википедия дан
Абдылдаев, Эсеналы‎»‎ барагынан багытталды)

Абдылдаев Эсеналы (1932-жылы туулган). Мүлдө кыргызга, жакынкы жана алыскы илим чөйрөлөрүнө таанымал "Манас" изилдөөчү, жыйноочу жана түзүүчү таланттуу аалым. Филология илимдеринин кандидаты (1967). Караколдогу Мугалимдер институтун аяктаган соң, 1960-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетинин филология бөлүмүн артыкчылык диплому менен аяктаган. 1960-жылдан Кыргыз ИАсынын Тил жана адабият институтунда "Манас" изилдөө бөлүмүндө илимий кызматкер, жетектөөчү илимий кызматкер болуп эмгектенип келет. "Манас" эпосунун тарыхый өнүгүшүнүн этаптары, кыргыз элинин эпостогу маалыматтар боюнча калыптануусу, Манастын теги, кыргыздардын этностук калыптануусундагы ичкиликтер (Булгачылар) уруулук тоунун чечүүчү ролу жана башка тууралуу жүйөлүү илимий пикирлерин айткан. Бул илимий көз караштар автордун төмөнкү эмгектеринде чагылдырылган: "Манас" эпосунун тарыхый өнүгүшүнүн негизги этаптары. Ф.: 1981; Кыргыз фольклорунун тарыхынан. Ф.:1983; "Манас" эпосунун историзми. Ф.: 1987."Манас" эпосунун эпикалык формулалары. Ф.:1992 жана башка.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Каратаев О.К., Эралиев С.Н. Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүк. Б.,2005-жыл.