Абдылдаев Табылды

Википедия дан

Абдылдаев Табылды (2. 3. 1932, Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району, Бостери айылы 17. 10. 2000, Бишкек) философия илимдеринин доктору (1968), профессор (1969). 1952-ж. КРнын ИАнын корреспондент мүчөсү (1989). КМУнун бүтүрүп, ошол эле жерде 1956-66-ж. окутуучу, улук окутуучу, доцент, 1966-88-ж. КММИнин философия кафедрасынын башчысы, 1988-жылдан КРнын ИАнын философия жана укук институтунда иштеген. Адам экологиясынын философиялык маселелери боюнча адис. Анын илимий эмгектери негизинен биологиялык түр жана түрдүн келип чыгышынын методологиялык проблемаларына арналган. Адин изилдөөлөрү илимдин өнүгүшүнүн перспективалуу багыты, башкача айтканда азыркы мезгилдин кеңири экологиялык проблемалары менен тыгыз байланышкан. Ал Бишкек шаарындагы философтордун илимий эмгектеринин жогорку окуу жайлар аралык тематикалык жыйнагын чыгарууну уюштурган. Анын жетекчилиги, редакциялоосу менен КММИнин философия кафедрасынын жана экология боюнча бөлүмдүн кызматкерлеринин коллективдүү монографиясы, 8 илимий эмгек чыккан. 70тей илимий эмгеги, анын ичинен 12 монографиянын автору. Эмгектери:

  • Философские вопросы о виде. Ф., 1966; Понятие «вид» в современной биологии. Ф., 1971;
  • Соотношение различных тенденций в исследовании уровней организации живой природы. Ф., 1975;
  • Причинно-следственные связи во взаимоотношении общества и природы (в соавторстве) Ф., 1986.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1