Абдылдаев Эсенбек

Википедия дан

Абдылдаев Эсенбек (5. 4. 1949-жылы туулган, Суусамыр кыштагы) - эмгек ардагери.

Суусамыр орто мектебин (1967) жана Фрунзе шаарынан шофёрлук курсту бүтүргөн. Эмгек жолун айдоочу болуп баштаган.

Кийинчерээк комбайнёр, механик, гараж башчысы, бригадир, моторист, МЖСтин нефть базасында башчы болуп 2001-жылга чейин эмгектенип, ардактуу эс алууга чыккан.

Суусамыр - Сары-Камыш жолун курууда активдүү эмгектенген. Казакстанга барып, бүткүл союздук эгин жыйноого бир нече жолу катышкан.

Ал бир нече жолу райондук, облустук Ардак грамоталар менен, Лениндин 100 жылдык юбилейлик (1970), «Эмгектеги артыкчылыгы үчүн» (1971) жана «Эмгектеги каармандыгы» медалдары менен сыйланган.

Учурда «Сүйүнбек» дыйкан чарбасынын башчысы болуп эмгектенет. Чал уруусунан. Мамаке баатырдын урпактарынан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9