Абдылдаев Өзбек

Википедия дан

Абдылдаев Өзбек (1941-ж. т., Жетиөгүз району, Конурат айылы) - хор дирижёру.

  • Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер.
  • 1962-ж. Кыргыз мамлекеттик М. Күрөңкеев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайынын хор дирижёру бөлүмүн,
  • 1968-ж. Москвадагы Гнесиндер атындагы музыкалык- педагогикалык институтун (азыркы орус музыкалык академиясы) хор дирижёру адистиги боюнча бүтүргөн.
  • 1968-жылдан Кыргыз мамлекеттик Б. Бейшеналиева атындагы искусство институтунда мугалим, профессор. Институттагы хор дирижерлугу кафедрасын негиздөөчүлөрдүн бири.
  • 1974-ж. хормейстер катары Кыргыз улуттук телерадиокорпорациясынын хорун уюштурууга катышкан.
  • И. Рыспаев менен бирдикте жалпыга билим берүүчү мектептердин 3 жана 4-класстарынын «Музыка» окуу китебин, «Музыка» сабагынын мугалимдери үчүн методикалык колдонмо жана хрестоматия түзгөн, «Хордо иштөөнүн методикасы», «Кыргыз Республикасынын өздүк көркөм чыгармачылыгы» аттуу монографиялардын,ошондой эле, музыкалык орто, жогорку жана музыкалык педагогикалык окуу жайларынын студенттери үчүн "Кыскача музыкалык сөздүк" жана 4 томдон турган "Хор дирижёрлугу.Хрестоматия.Методикалык көрсөтмөлөрү менен" аттуу окуу куралдардын автору.

Ардак грамоталар, "Данк" медалы менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.