Абдылда Аралбаев

Википедия дан

Аралбаев Абдылда (1891, Нарын аймагы, Куланак айылы -1968, Нарын облусу, Тянь-Шань району, Куланак айылы) - педагог. Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген мугалими (1941). Токмоктогу мугалимдердин даярдоо курсун бүтүргөн (1918). 1918-55-жылдарда Куланак орто мектебинде башталгыч класстарга сабак берген. Аралбаев Абдылда кыргыз мектептеринин 2-класстары үчүн «Эне тили» окуу китебине авторлош. Эл агартуу ишине сиңирген эмгеги үчүн эки жолу Ленин ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]