Абдыракман Тербишаалы уулу

Википедия дан

Абдыракман Тербишаалы уулу (1889, Талас району, Жерге-Тал айылы — 1940, ошол эле жер) — комузчу, обончу.
Ал Серек, Тойкожо, Жунусаалы, Айдараалы, Алымкул, Жеңижок, Жантакбай, Эшмамбет өңдүү белгилүү шайырлар менен аш-тойлордо өнөр жарыштарына түшкөн. Токтогул менен жолугушуп, анын сынынан өткөн.
Кол ойнотуп кооздоп черткен айтым күүлөрүнүн баштоочуларынын жана жайылтуучуларынын бири. «Камбаркан», «Ботой», «Шыңгырама», «Кербез» сыяктуу элдик салт күүлөр менен катар эле «Көк серек», «Беш-Таштын күйгөнү», «Сурнай күү», «Боз уландын боздотмосу», «Кең күңгөй» деген эски чыгармаларды черткен. Ар бир күүнүн тарыхын чечмелей айтып, түрлөнтө кол ойнотуп, татаал ыкмаларды жасаган. Элдик секетбайларды, күйгөндөрдү да жакшы ырдап өзү да жамактап ыр чыгарып, обонго салып ырдаган. Алардын ичинен «Акзыйнат» деген ыры элге кеңири белгилүү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Талас облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.