Абдыракман кызы Бурул

Википедия дан

Абдыракман кызы Бурул Өрмөкчү жана бычмачы-тикмечи. 1913-ж. Нарын районундагы Жерге-Тал өрөөнүндө төрөлгөн.

Узчулукту энеси Алый, чоң энеси Мааникеден үйрөнгөн. Кыйла жылдары «Кыял» элдик көркөм кол өнөрчүлүк Бирикмесинде үйдөн уздануучу чебер болгон. Анда элдик кийим-кечектерди арбын бычып кескен. Жаш кезинен өрмөкчүлүктүн бир жүздүү, эки жүздүү термелерин арбын соккон. Боз үйдүн боо-чуусу үчүн «ийрек» түшүрүп өрмөккө аркак саларда күзүккө байланган оң жипти терип, сол тараптагы кара жипти бармак менен басып туруп, андан аркакты өткөрүп алат. Аяан кайра аркак өткөрөөрдө аны дагы кайталайт. Чебер терменин элүүдөй көркөм көчөтүн таар бетине түшүрө алат. Тебетейдин үлгүсүнүн автору катары белгилүү болгон, ал өнөрканалардан көп нускада чыгарылган. Катышкан көргөзмөлөрү, кароо-сынактары жана алган сыйлыктары 1974-ж. Кыргыз ССРинин жана Кыргызстан Компартиясынын 50 жылдыгына карата «Кол өнөрчүлөрдун республикалык көргөзмөсү». Терме тегиричи үчүн ЭЧЖРКнүн II даражадагы диплому; 1984-ж. Кыргыз ССРинин жана Кыргызстан Компартиясынын 60 жылдыгына карата «Элдик чеберлердин көркөм буюмдарынын республикалык II кароо-сынагы». Эркектердин тебетейи үчүн Кыргызстан КП БКнын жана Кыргыз ССР Министрлер Советинин Ардак грамотасы; 1987 ж. Улуу Октябрь Социалисттик революциясынын 70 жылдыгына карата «Эл чеберлеринин республикалык кароо-сынагы». Баш кийимдери үчүн Кыргыз ССР Маданият министрлигинин Ардак грамотасы.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0