Абд ар-Раззак Самаркенди

Википедия дан

Абд ар-Раззак Самаркенди, Камал ад-Дин абд-ар-Раззак ибн Жалал ад-Дин Исхак ас-Самарканди (1413, Афганстан, Герат шаары -1482, ошол эле жерде) орто азиялык тарыхчы. Атасы Маулана Жалал ад-Дин Исхак Самарканддан болгон, ал Шахрухтун (1405-1447) ордосунда кади жана имам кызматында турган. Абд ар-Раззак Самаркенди атасынын жолун улап, тимурийддердин кызматына өткөн, 1442-ж. Шахрухтун Гераттан чыккан элчилери менен бирге Түштүк Индияга жөнөтүлгөн. 1446-47-ж. Ирандын түндүк провинциясы Гиланга элчилик тапшырма менен барган. 1463ж. Абу Саид аны Шахрух негиздеген Герат ханакасына (дербишчиликти тутунгандардын ибадат жайы) шейх кызматына дайындаган. Өмүрүнүн акыркы мезгилдери Гератта өткөн. Ал белгилүү акын, вазир жана меценат Мир Алишер Навоинин колдоосуна ээ болгон. Самарканди «Матла ас-са дайн ва мажма ал-бахрайн» («Кош кут жылдызынын аткан жери жана кош деңиздин кошулган жери») деген фарсы тилиндеги тарыхый эмгекти жазган. Чыгармада Абу Саид Хулагуинун жана Абу Саид Тимуриддин мезгилдериндеги окуяларды, башкача айтканда 170 жылдык тарыхты камтыган. Анын биринчи жана экинчи бөлүгүндөгү 1426-27-ж. чейинки окуяларды баяндоодо Хафиз-и Абрунун эмгегиндеги кабарларды кыскартып берген. «Матла ас-са дайнда» акыркы 45 жылдагы окуя, тактап айтканда Хафиз-и Абру жазган 1426-27-жылдардан кийинки окуяларга автордун өзү күбө болгондугу жана катышкандыгы менен баалуу. Орто Азиянын, Ирандын жана Афганстандын Тимур жана анын урпактарынын учурундагы тарыхын окуп үйрөнүүдө жана изилдөөдө бул эмгек баалуу булактардан. Тимур жана тимуриддердин Моголстанга жасаган жортуулдарын баяндоодо Абд ар-Раззак Самаркенди чыгармаларында Теңир-Тоодогу кыргыздар тууралуу эскерет. Анда 14-15-кылымдын аралыгында Тимурдун небереси Моголстанга жасаган чабуулунда «алмалыктык, хотандык бир канча сулууларын, кыргыздын жана бешбалыктык чүрөктөрдү» чоң атасына тартууга жөнөткөнү айтылат. Искендердин чыгышка жасаган жортуулдары Теңир-Тоодон жана Чыгыш Түркстандан ашкан эмес. Анын кошуундары Бешбалык шаарына кол салганда шаардын айланасындагы «кыргыз чүрөктөрүн» туткундаган. Эмгектеги мындай маалыматтар кыргыздардын 14-кылымдын аягы 15кылымдын баш чендеринде Теңир-Тоо этектери жана анын түндүк тарабындагы аймактарда байырлаганын ырастайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1