Абла

Википедия дан

Абла - байыркы кыргыз (түрк) сөзү. «abla», «ab abla» - жапайы жаныбарларга жамаат, топ болуп алып аңчылык кылуу маа- нисин берген. Бул сөз бүгүнкү хакас тилинде да өзүнүн байыркы так маанисин (хак. «абла») сактап калган. Монголчо «авлах» — «коллективдүү аң уулоо» дегенди аныктайт. Бул термин кыргыздардын байыркы чарбалык-экономикалык, социалдык турмушун чагылдырары ырас. Түрк тилдериндеги «абыла» сөзү орус тилине «облава» (кырг. «тегеректөө, айлана курчоо») формасында кирген деп болжолдоого да болот. Ошондон «облавная охота» (коллективдүү аңчылык) деп аталат. Коллективдүү аң уулоо көчмөн элдерде, анын ичинде байыркы кыргыздарда чыныгы аскердик такшалуунун, шамдагайлыктын, жамаатта өз ара жардамдашуунун мектеби болгондугу анык.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]