Аблактировка

Википедия дан

Аблактировка (лат. ablacto баланы эмчектен чыгарам) өсүмдүктүн бутагын кеспей, ийип кыйыштыруу жолу. Жанаша өскөн эки өсүмдүктүн бутагын бирдей өлчөмдө жонуп, жонгон жерди тийиштирип бекем байлайт. Кыйыштыруу үчүн жонулган үстүдкү бутакта бүчүр болуш керек. Кыйыштырылган жер толук бүтүп, бир жыл өткөндөн кийин калтырылган бүчүрдөн жаңы өркүн пайда болот. Мына ошондон кийин гана кыйыштырылган жерден өйдөрөктөн бутак кесилет. Аблактировка көбүнчө мөмө бакты, кооз даракты жана жүзүмдү, бадалдарды түргө келтирип кыйыштырууда пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1