Абсолюттук нөл

Википедия дан

Абсолюттук нөл - температуранын термодинамикалык температура шкаласы боюнча абсолюттук температураны эсептөөнүн башталышы. Системанын температурасы абсолюттук нөлгө жакындаса, анда системанын энтропиясы, жылуулук сыйымдуулугу, жылуулуктан кеңейүү коэффициенти нөлгө умтулат. Молекулалар жана атомдор толук тынч абалда болбостон, кристаллдык торчонун түйүндөрүндө «нөлдүк» термелүү жасап, эң кичине энергияга ээ болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1