Абсолюттук температура

Википедия дан

Абсолюттук температура (термодинамикалык температура) – термодинамикалык теңсалмактуулуктагы макроскопиялык системаны мүнөздөөчү абал параметрлеринин бири. 1848-ж. У. Томсон (Кельвин) киргизген. Абсолюттук температура Т символу менен белгиленип, Кельвин шкаласы (К) менен туюнтулат жана абсолюттук нөл температурадан баштап эсептелет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]